Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Өзбекстанда Фриидом Хауз уюмунун иши токтоду


Өзбекстандын соту америкалык Фриидом Хауз уюмунун өлкөдөгү ишмердигин 6 айга токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Сот уюмдун ишинде ачыктык жок деген жүйөөсүн келтирди.
Фриидом Хаузтун Өзбекстандагы директору Бранка Сесто апелляция берип, уюмдун ишин улантуу үчүн мыйзамдуу жолдорду табууга аракеттенерин билдирди. Былтыр Өзбекстанда билим берүү тармагында иш алып барган АКШнын АЙРЕКС уюмунун кеңсеси жабылган.

XS
SM
MD
LG