Кишини тирилте аласызбы?
Францияда Реми Мартино аттуу бир киши ата энесинин сөөгүн атайын муздаткычтарга салып, бир нече жылдан бери сактап келатат.
Бирок жакында сот аны мыйзам бузуу деп сыпаттап, сөөктөр өрттөлүүгө же болбосо жерге коюлууга тийиш деген чечим чыгарды.
Мартино мырза болсо соттун чечимине каршы экенин айтып, адам укуктары боюнча европалык сотко апелляция берүүгө камданууда.
Реминин атасы Раймон дарыгер-биолог болгон. Ал криогендик теорига абдан ишенчү. Аталган теорияга ылайык, адамдын тоңдурулган сөөгүн тирилтүүгө болот. Раймон жубайынын сөөгүн 1984-жылы эле тоңдуруп койгон. Өзү болсо дүйнөдөн 2002-жылы кайткан.
Иш орду ит жылына байланыштуу фирма
Кытайдагы бир фирма жумушка ит жылында туулган кишилерди гана алып жатат. Көрсө Цзилинь шаарындагы компанияга ишке берилген адамдар керек экен.
Чыгыш календары боюнча ит жылында төрөлгөндөр болсо чынчылдыгы жана ишке, адамдарга берилгендиги менен айырмаланат.
Ошентип, фирма психологиялык тесттерди мындай коюп, ишке орношуп жаткандардын туулган жылын билүүнү гана чечти. Кытайдын эмгек кодексинде болсо ишке алууда дискриминацияга жол берилбеши керек деп жазылган.
Атактын да жүгү бар
Арнолд Шварцнеггер өзү туулуп өскөн шаардын бийлиги менен уруша кеткен эле. Австриянын Грац калаасынын жетекчилиги Калифорния штатынын губернаторуна өлүм жазасына өкүм кылынган Стэнли Уильямсты кечирүүдөн баш тарткандыгы үчүн нааразы болгон. Австриянын өзүндө өлүм жазасы колдонулбайт.
Жаңы жылдын алдында Арнолд Шварцнеггер атындагы стадионго “Либенау” деген мурдагы аталышы кайра берилди. Америкалык губернатор болсо калаанын ардактуу атуулу деген шакекти ээлерине кайтарып берди.
Австрияда туулган актер Американын атуулдугун алган эле. 2003-жылы ал АКШнын Калифорния штатынын губернатору болуп шайланган.
Бэкхемдин эски бут кийими жаңы туфлилерден кымбатка түштү
Норвегиялык миллионер, телефон байланышы боюнча фирманын негиздөөчүсү Идар Волльвик соопчулук аукционунда белгилүү футбол жылдызы Дэвид Бэкхемдин спорт бут кийимин “болгону” 147 миң долларга сатып алды.
Сатыктан түшкөн каражат Пакистандагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн жиберилмекчи. Эң кызыгы, ошол эле бут кийимди былтыр январда норвегиялык гуманитардык бир уюм сатып алып, акчаны Түштүк Чыгыш Азиядагы цунамиден жапа чеккен адамдарга жиберген.
Арбын акчадан качкан президент
Боливиянын жаңы шайланган президенти Эво Моралес өзүнүн маянасын эки эсеге кыскартуу ниети жөнүндө жарыялады.
Мамлекет башчы ошондой эле министрлердин маянасын азайтканы жатат.
“Мен ушундай эле кадамды депутаттардан да күтөмүн”, - деди Моралес.
Жаңы президент Боливиянын экономикалык системасын да өзгөртүүнү көздөйт. Моралес өлкөнүн түпкүлүктүү элинин – индейлердин аймар улутунун өкүлү.
Жакыр үй-бүлөдө туулуп өскөн Моралес азыр да ижарага алган батирде турат. Жакында ал президенттин сарайына көчмөкчү.
“Боливия өңдүү кедей өлкөдө мамлекет башчы жана башка жетекчилер калктын түйшүгүн бөлүшүшү керек”, - деп эсептейт Моралес.
Аткаминерлердин (чиновниктердин) маяналарынан үнөмдөлгөн акча билим берүү өңдүү мамлекеттик программаларды каржылоого жумшалмакчы.
Президент 1985-жылы Вашингтондун сунушу боюнча Боливияда киргизилген базар экономикасы жөнүндөгү декретти күчүнөн кетирүүнү пландап жатат.
Ошол эле мезгилде президент башка убадаларын аткарууга шашпайт. Атап айтканда, ал газ тармагын улутташтырууга жана кокаинди өстүрүүну мыйзамдаштырууга сөз берген эле.