ЖАЛАЛАБАТ. Ишин жаңы баштаган жергиликтүү бийлик башчылары менен айылдык кеңештердин депутаттары жана коомчулуктун элеттеги өкүлдөрү өзүн өзү башкаруу мыйзамдары менен толук тааныш эмес. Ушул бөксөлүктү толтурууну каалаган окуу-семинарларда айыл өкмөттөрдүн бюджеттерин түзүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун мыйзамдык базалары, айыл кеңештердин укуктары жана айыл депутаттарынын укук милдеттери талкууланды. Айыл калкы өздөрү айыл өкмөткө төлөп келе жаткан салык каражаттарынын кайда жана эмнеге иштетилген маселеге анча маани беришпейт. Бийликтин эң төмөнкү катмарында демократияны жана адам укуктарын коргоо маселесин өнүктүрүү үчүн элет калкын коомдук угууларга активдүү катышуусу милдеттүү зарыл. Облустагы бей өкмөт уюмдардын долбоору боюнча өткөн ушундай окууларды Сорос Кыргызстан кору каржылады.
Аба ырайы.
Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 15-январда Кыргызстанда ала булут каптап турат, кар жаабайт. Жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
ЧҮЙ жана ТАЛАС облустарында түнкүсүн -8...-13 градус суук, күндүз 0....+5 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз 0....+5 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу.
НАРЫНда түнкүсүн -18...-23, күндүз -4...-9 градус суук.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8...-10 градус суук, күндүз +1...+3 градус жылуу.
Шайырбек Эркин уулу, Бишкек
Редактору Кубат Чекиров