Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Мекедеги кыргызстандык зыяратчылар аман-соо экени тастыкталды


БИШКЕК. Сауд Арабстандын гезиттери Жамарат аймагында бейшемби күнкү болгон шайтанга таш атуу жөрөлгөсү учурунда тепсендиде калып, каза тапкандардын, жаракат алгандардын тизмесин жарялады. Алардын арасында кыргызстандык зыяратчылар жок экени тастыкталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» телефон аркылуу ажылыкты уюштуруу боюнча Кыргызстандын Мекедеги штабынын мүчөсү Марат ажы Усупов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандан автобус менен барган зыяратчылардын канчасы ажылыктын негизги жөрөлгөсү болгон Арафат тоосундагы ибадаттарга үлгүргөн-үлгүрбөгөнү дале белгисиз. Мекедеги штабга Кыргызстандан жолго чыккан 90 чакты автобустун 50сү гана катталган. Калган автобустагылар ажылык парзын аткарып бүтөөр менен жолдун алыстыгынан эртелеп жолго чыгышканы тууралуу божомолдор бар. Кыргызстандык зыяратчылардын негизги бөлүгү кошумча ибадаттарын аткарып бүткөн соң 17-январдан тарта мекенин көздөй жөнөй башташат.

XS
SM
MD
LG