Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

ЧЕГАРАДАГЫ ЭЭНБАШТЫКТАН УЛУТ АРАЛЫК ЧЫР ЧЫГУУДА


Чегара чырмалышкан Баткен аймагында, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик атуулдарынын ортосунда кагылышуулар акыркы жылдарда көбүрөөк катталууда. Ушундай кагылышуулардын чыгып кетишине көбүнесе жаштардын арасындагы бейбаштыктар себепчи болууда.

Баткен районуна караштуу Согмент айылынын 500гө чукул жашоочулары нааразылык талаптары менен кыргыз-өзбек чегине 13-январь күнү келишти. Алар тез арада бийлик чегара маселесин чечип бербесе, анда өзүлөрү тиешелүү чараларды көрүп, керек болсо күч колдонууга барыша тургандыгын Согмент айылынын тургуну Абды Нышанов билдирди. Буга себеп, 12-январь күнү Согмент айылынын тургундары Батыр Жороев жана Орозали Ураимов өзүлөрүнүн ГАЗ-24 автомашинасы менен Хушяр өзбек айылы аркылуу өтүп бараткан учурда өзбекстандык Шухрат Эрдашовго таандык 15-88-99 мамлекеттик номерлүү ГАЗ-31-10 автомашинасы менен алдын тосушкан. Хушярдык 10 чакты тажик улутундагы өзбек жарандары кыргыз жолоочуларын эч кандай себеп түшүндүрүүсүз эле токмоктоп, машинесин талкалап салышкан. Башынан катуу жарат алган 33 жаштагы Орозали Ураимов ошол эле күнү Баткен облустук кеселканасына жаткызылган.:

- Биз үйгө баратканбыз. Таэжиктер машине менен алдыбызды тосуп, келип бизди токмоктоп салышты. Алар көпчүлүк эле. Эмнеге урасынар десек “силер ит кыргыздар каныңарды ичебиз” дешти. Эптеп качып кутулдук. Мындай окуялар көп болот, кыз-келиндерге тийиш кылышат. Мен башыман жарат алдым. Ачкыч менен урушту - деди Орозали Уралиев.

Чегарага жакын айылдарынын жашоочуларынын, күч структурасы тарабынан тийиштүү иш аракет жүрбөйт, ал эми чегарачылар көз салышпайт деген дооматтарды айтышууда. Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Акбаевдин пикиринде эки элдин арасында эч кандай тирешүү жок, болгону жаштардын арасындагы бейбаштык жөнүндө сөз болуп жатат:

- Калп алардын баары, бизге Согменттин аксакалдар келишти. Акимиятта аким менен чогуу сүйлөшүп кетишти. Мен окуяны угар замат барып, өзбек коллегаларыбызга жолугуп. Ошол эле күнү машинени Сох райондук ИИБге алып барып жабырлануучу менен барып экспертизадан өткөзүп, сүрөткө алып, арызын жаздырып, каттоо иштерин өткөрүп бердик. Алар азыр бейбаштык кылган балдарды суракка алышууда - деди Таалайбек Акбаев.

Баткен чегара отрядынын командиринин орунбасары Толкун Хусейновдун пикиринде мамлекеттик комисиялар эң оболу ушундай чырлуу жерлерди тактап чыгышы керек.

Окуяга байланыштуу Өзбекстандын Сох райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Фарух Урунбаев, Баткен районунун акими Алияр Имарвого телефон аркылуу байланышып, өзбек атуулдарынын жасаган бейбаштык иштери үчүн тиешелүү жазасын алаарын айткан. Ошондой эле жагдай улуттар аралык чырга айланып кетпөө үчүн алдын алуу керектигин өтүнгөн.

Баткен районунун акими Алияр Имаров Согмент айылынын аксакалдары ошондой эле жабырлангандардын туугандары менен сүйлөшүү жүргүзгөн учурда улут аралык чатак болсо аны сөзсүз документтештирүү зарыл экенин эскертти:

- Андай болду, мындай болду деген арызы менен чындыгында кагаз жүзүндө эч ким кайрылган эмес. Мен согменттиктерге айттым “силер биздин көзүбүз, кулагыбыз болуп эсептелесиңер деп” коомчулук өзү аракет кылып бизге өз убагында маалымдаса окуялардын алдын алса болот да.

Баткен районунун Согмент айылы менен Өзбекстандын Хушяр айылынын ортосунда чоң кагылышуу 2005-жылдын май айында катталган. Анда окуя жер суу маселесинин негизинде келип чыккан.

XS
SM
MD
LG