БИШКЕК. 16-январда Жогорку Кеңеш сессиясын баштайт. Алгач депутаттар өз округдарындагы маселелерге токтолушат. Андан соң Раатбек Санатбаевдин жана башка киши колдуу болуп өлтүрүлгөн депутаттар боюнча Күч структуралары иликтөө иштеринин жүргүзүлүшү тууралуу маалымат беришет. Бул жөнүндө парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Темирбек Токтогазиев 15-январда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш январь айынын жарымында бюджеттин экинчи окулушун, энергетика тармагы, салык мыйзамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү, акционердик коомдор боюнча жана башка бир катар мыйзам долбоорлорун карашат.