Галымжан Жакиянов түрмөдө үч жылдан ашуун отурган соң бошотулду. Кечээ Алматынын темир жол бекетинде аны жүздөгөн жактоочулары тосуп алды. Мунун алдында сот прокуратуранын Жакияновду абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү чечимге каршы берген аппеляциялык арызын четке каккан эле. Жакияновдун жактоочулары анын түрмөгө түшүүсүнүн саясий жүйөөсү бар деп эсептейт. Павлодар облусунун мурдагы губернатору Галымжан Жакиянов 2001-жылы Казакстандын Демократиялык тандоосу деген оппозициячыл партиянын уюштуруучуларынын бири болгон. Бирок, кийинки жылы губернатор кезинде кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен 7 жылга эркинен ажыратылган эле. Партиясына 2004-жылы соттун чечими менен тыюу салынган.