Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Түркияда канаттуунун сасык тумоосу илдетин дагы жаш бала жуктурганы ырасталды


Муну менен аталган илдетке чалдыккандыгы ырасталган адамдардын саны 19га жетти. Беш жаштагы ал баланын он эки жаштагы эжеси кечээ эртең менен Ван шаарындагы ооруканда каза тапкан. Бирок өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, анализдер анда куш ылаңынын вирусу бар экенин көргөзгөн эмес. Изилдөөлөр улантылууда. Буга чейин өлкөнүн чыгышындагы Ван чөлкөмүндө аталган илдеттен үч жаш бала мерт болгон. Дарыгелердин айтымында, азырынча вирус адамдан адамга жукканы боюнча далил жок. Кечээ Стамбул шаарында канаттуунун сасык тумоосу илдетине кабылган деген шек менен дагы бир жаш бала ооруканага түшкөнү маалымдалды. Эгер ырасталса, ал Түркиянын батыш тарабынан катталган алгачкы бейтап болот.

XS
SM
MD
LG