Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

МЕКЕГЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭСЕБИНЕН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР БАРГАНБЫ?


Кожогелди Кулуев, Бишкек Кыргызстандан ажылык сапарга аттангандардын ичинде чет өлкөлүк атуулдар көп экендиги жөнүндө маалымат кыргыз парламентинин тынчын кетирүүдө. Ажылык сапарга кеткендердин тизмесин депутаттык комиссияга дыкат текшертүү жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Кыргызстандан ажыга барган адамдардын эки миңге жакыны кыргыз атуулдары эмес болуп чыгышы ыктымал. Бул жөнүндө өзүнүн шектентен маалыматын 16-январда парламент жыйынында депутат Рашид Тагаев билдирди:

-Ушундай маалымат болуп атат, азыр ажыга баргандардын эки миңге жакыны биздин атуулдар эмес имиш.Өзбекстандын, Кытайдын атуулдары деп жатышат. Кандай жол менен алар Кыргызстандан кетишкен?

Рашид Тагаев тезинен депутаттык комиссия түзүп ажыга баргандардын баарын кылдат текшерүүгө алуу жөнүндө маселе көтөрдү. Анткени, самолёттор жакынкы күндөрү келе башташат, а ажылар тарап кеткенден кийин алардын изин табуу кыйын.

Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга беш миң адам аттанып, Сауд Арабстан берген квота жетпеq калып, эки миңдей адам зыяратчылыкка бара албай калган. Алар бул жерде мыйзамсыз иштер болуп жатат деп Бишкекте нааразылык акциясына да чыгышкан. Эгер Кыргызстандан ажылык сапарга аттанган адамдардын айрым эле бөлүгү кыргыз атуулдары эмес болуп чыкса, мындан чоң жаңжал чыгары анык.

Ажылык сапарга аттанган кыргызстандык атуулдардын кайтып келиши да бир катар кыйынчылыктарга кездешүүдө. Түркмөнстан аларды өз аймагынан өткөрүүгө уруксат бербей койгон. Автобус менен барышкан кыргызстандык ажылардын Сауд Арабстандан Кыргызстанга Орусия аркылуу гана кайтып келиши ыктымал. Тышкы иштер министрлигинин малымат кызматынын жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун айтуусунда, Кыргызстан өз атуулдарынын Түркмөнстан аркылуу келишине уруксат сурап Ашхабадга нота жиберген. Бирок, алигиче жооп жок.
XS
SM
MD
LG