Мындай чечим аталган телеканалдын кабарчысы түз эфирде өлкө президенти Махмуд Ахмадинеджаддын сөздөрүн туура эмес которгон соң кабыл алынды. Иран президенти өткөн ишемби күнкү пресс-конференция учурунда: "Өзөктүк энергия менен технологияны колдонуу – Ирандын укугу", деп айткан. Си–Эн–Энден болсо президенттин сөзү: "Өзөктүк куралды колдонуу - Ирандын укугу" деп берилген. Телеканал кабарчысынын катасы үчүн кечирим сурады. Бирок Иран бийликтери журналистти президенттин сөзүн билип туруп эле бурмалаганы үчүн айыпташты. Эми атайын буйрук болгонго чейин Си-Эн-Эндин кабарчылары Иранга киргизилбейт.