Резолюция долбоорун Британия, Германия, Франция даярдайт. Мындай жарыя кечээ Лондондо БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германиянын өкүлдөрү Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселени талкуулаган жыйындан соң жарыяланды. Британиянын тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, аталган үч өлкө 2- февралга Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ уюмунун жетекчилигинин жыйынын чакырат жана ошондо резолюция долбоору каралмакчы.
Евробиримдиктин тышкы саясий мекемесинин башчысы Хавьер Солана Коопсуздук кеңешинин калган эки туруктуу мүчөсү-Кытай менен Орусия алардын демилгесин колдооруна ишеним билдирди. Ал эми орус президенти Владимир Путин кечээ Москвадан маалымдагандай, Иран маселесинде алардын туруму Евробиримдик менен АКШныкына өтө жакын. Бирок, Путин Москванын Иранга уранды байытуу программасын Орусия аймагында ишке ашыруу жөнүндөгү сунушу али күчүндө экенин кошумчалады. Тегеран өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн айтып, өзөктүк куралга умтулуп жатат деген айыптоону четке кагып келүүдө. Ирандын маселеси БУУнун Коопсуздук кеңешине өткөрүлгөн шартта, ага каршы санкция киргизилиши мүмкүн.