Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Подполковник өзүн-өзү жардырып жиберди


БИШКЕК. Коргоо министрлигинин Бишкектеги жогорку аскер окуу жайынын деректиринин окуу бөлүмү боюнча орун басары, 36 жаштагы подполковник Эрик Сабырбеков 17-январдын таңында өз үйүнүн жанындагы жардыруудан каза тапты. Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абибилла Пазыловдун ушул эле күнү «Азаттыкка» билдиргенине караганда, окуя таңкы саат бештен элүү мүнөт өткөндө Бишкек шаарындагы Атбашы көчөсүндөгү үйдө болгон. Алгачкы маалыматтарда, Эрик Сабырбеков гараждын дарбазасын ача бергенде ичтен жарылуу болуп, ал ошол жерде жан бергени, бул атайын уюштурулганы божомолдонгон. Окуя болгон жерде иш жүргүзгөн чукул кырдаалдар жана ички иштер министрликтеринин атайын топторунун иликтөөлөрүнүн натыйжасында, маркум үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам, белине жардыргыч зат байлап, жанкечтилерче өзүн-өзү жардырып жибергени, андан курсагы жарылып, башы жулунуп кеткени аныкталды.

XS
SM
MD
LG