Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

Чаткалда жол жабылып калды


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун борборунан 450 чакырым ыраак турган Чаткал районунда 16-январда кар көчкү түштү. 8 миң чарчы метр өлчөмүндөгү кар көчкү райондун борбордук Красногорка-Акташ айылдарынын 1-чакырымынан 17-чакырымына чейинки жолду басып калды. Табият кырсыгынан эч ким жабыр тарткан жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Кар сүрүү жумуштарында эки техника жана 4 адам иштөөдө. Мындай маалымат 17-январда облустук чукул кырдаалдар Башкармасынан алынды.

Чаткал районунда 21 миң адам жашайт жана кар районго бир жарым метрден ашык калыңдыкта түшкөн. Бир нече күн жабылып, кайра ачылган Алабука-Чаткал жолунан улам Чаткалда күйүүчү май жана азык-түлүк баалары кымбаттады. Облустун жолдору тайгак жана муздан арыла элек. Борбордук райондордо жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа каражаттары жетишсиз жана жеке менчик таксилер жол акылары үчүн эки эсе кымбат бааны талап кылышууда. Облуста жашылча-жемиш баалары кымбаттап, картошканын килограммы 15 сомдон ашты.


Аба ырайы

БИШКЕК. Бишкектеги метерологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 18-январда республиканын айрым аймактарында ал эми Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк жерлеринде кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...-7 градус болот.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -6...-11, күндүз 0....-5 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -8...-13 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5 градус.
Борборубуз Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10...-12, күндүз -3...-5 градус болот.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG