Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Ишке келбеген депутаттар мандаттан ажырашы ыктымал


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин жыйындарына катышпаган депутаттарды мандатынан ажыратуу маселесин кароо боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду. Алардын арасында Айдар Акаев, Ташкул Керексизов жана Муратбек Малабаев бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов 17-январда «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Темирбек Токтогазиевдин ушул эле күнү «Азаттыкка» билдиргенине караганда, депутат Малабаев парламенттин алгачкы отурумдарына катышкан. Бирок азыр каякта экени белгисиз. Депутат Керексизов учурда парламент жыйындарына катышууда. Мурдагы президенттин уулу Айдар Акаев болсо, март ынкылабына чейинки алгачкы жыйынга гана катышкан.

XS
SM
MD
LG