Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Баш прокурор: Кыргызстан парламенттик башкарууга даяр эмес


Бишкек. Айрым саясатчылар тарабынан баш прокурордун өткөн аптада Ысыкатада Кыргызстан үчүн президенттик-парламенттик башкаруу ыңгайлуу деген көз карашын айткандыгы үчүн сынга алып жаткандыгы негизсиз. Мындай пикирин 17-январда баш прокурор Камбаралы Конгантиев «Азаттыкка» билдирди. Баш прокурор белгилегендей, ал Кыргызстандын ар бир атуулу сыяктуу эле мамлекеттик башкаруу боюнча өз пикирин айтууга укуктуу жана аны саясатташып кетти деп айыптоо негизсиз. Ал эми Кыргызстан демократиялык күчтөрүнүн Коалициясынын жетекчиси Кубатбек Байболовдун айтымында, элдин алдында парламенттик башкарууну каалагандар өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөп жатышат деген сыяктуу сөздөрдү айтууга баш прокурорго ээлеген кызматы жол бербейт.

XS
SM
MD
LG