Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Үч округда парламенттик шайлоо дайындалды


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев үч округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо тууралуу жардыкка кол койду. Ага ылайык, №16 Кадамжай, №39 Куршаб, №69 Балыкчы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 9-апрелине дайындалды. Бул тууралуу 17-январда президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кадамжай аймагынан шайланган депутат Баяман Эркинбаев өткөн жылдын сентябрь айында өз үйүнүн жанында киши колдуу болуп каза тапкан. Балыкчыдан шайланган Тынычбек Акматбаев былтыр октябрь айында абактардагы абал менен таанышуу учурунда айыпкерлердин огунан набыт болгон. Ал эми Куршаб округунан шайланган депутат Адахан Мадумаров өлкөнүн вице-премьерь-министрлигине дайындалып, ордун бошоткон.

XS
SM
MD
LG