Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Бээжинде Куш тумоосу боюнча эл аралык конференция өтүп жатат


Бээжин шаарында куш тумоосуна арналган эл аралык конференция өтүп жатат жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү анда билдиргенге караганда, бул жаңы ооруга каршы аракеттерди көрүү үчүн бир миллиард 200 миллион доллар каражат чогултуш керек. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Маргарет Чандын айтымында, маселе өтө орчундуу: "Бир эле мамлекетте маселе чыкса, ал бүткүл дүйнө үчүн маселе экенин биз түшүнүш керекпиз. Пандемия чыгып кетсе, ал бүткүл дүйнөгө тарайт, ошондуктан биз биргелешкен аракет көрүп, бирдиктүү саясат жүргүзүүгө тийишпиз", - дедин Чан. Андан тышкары конференцияда - швейцариялык “Роше” фирмасы “Тамифлу” деген дарыны көбүрөөк чыгарууга убада берди, ал дары айрым учурларда куш тумоосуна чалдыккандарды айыктырат.

XS
SM
MD
LG