Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Түркияда канаттуунун сасык тумоосунан улам дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок


Бул тууралуу кечээ түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Ал парламентте сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи:

-Ушу тапта тоок фермаларда канаттуунун сасык тумоосу катталган бир да учур боло элек. Вирус эркин жүргөн үй канаттууларында, жапайы куштардын арасында гана катталды. Андыктан канаттуу өстүрүү ишканаларынан чыгарылган тоок эти менен жумурткасын колдонуу коопсуз. Дүрбөлөңгө түшүүгө эч кандай негиз жок.

Өлкөдө буга чейин аталган илдетти жуктуруп алган адамдардын саны 21 жетти, андан төрт жаш бала каза тапкан. Вирустун жайылышын токтотуу максатында бир миллиондой үй канаттуулары жок кылынды. Мунун аралыгында кытай башкалаасы - Пекинде канаттунун сасык тумоосуна каршы күрөшүү үчүн каражат жыйноога багытталган эл аралык кеңешме өттүдө. Дүйнөлүк банктын эсебинде, бул үчүн 1,2 миллиард доллар топтоо керек.

XS
SM
MD
LG