Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Чаткалда 85 сантиметр кар түшүп, Красногорск-Акташ жолун жаап салды


БИШКЕК. Чаткал районундагы Чапчыма ашуусунда 85 сантиметр кар жатат. Бул районду башка аймактар менен байланыштырып туруучу Красногорск-Акташ, Алабука-Жаңы базар унаа жолдорунун жабылышына алып келди. Бирок, экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 18-январда Алабука – Жаңыбазар жолу ачылды. Ал эми Ош-Бишкек жолунда жагдай көзөмөлгө алынууда. Көчкүлөрдөн сактануу максатында Төөашуу аймагында сапардагы автоунааларды бири-биринен 300 метр алыстыкта жүргүзүү тартиби киргизилди.


Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 19-январда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9 градус.
Таласта түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус.
Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -4…-6 градус.


Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров

Редактор Кубат Чекиров.

XS
SM
MD
LG