Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Глобалдык кордун менеджери Бишкекте


БИШКЕК. 18-январда СПИД, кургак учук, безгек оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык кордун портфолио-менеджери Валерий Чернявский Бишкекке иш сапары менен келди. Ал вице-премьер-министр Адахан Маудмаров, Республикалык СПИД бирикмесинин жетекчиси Борис Шапиро, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүү багытындагы долбоорлор менен иштеген кызматкерлер менен жолугушуп, жугуштуу ооруларга карата жүргүзүлүп жаткан иш чаралар менен таанышты. Бул тууралуу Республикалык СПИД бирикмесинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда Глобалдык кор тарабынан безгек оорусуна каршы күрөшүү боюнча долбоорго 3 млн. доллар каражат бөлүнгөн. Ошондой эле берилген гранттарга ВИЧ-инфекциясы, СПИД менен ооругандарды дарылоого дары дармектер сатылып алынып, кандагы вирустарды аныктоо боюнча лаборатория түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG