Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:33

Азимбек Бекназаров Аксы окуясы, март ыңкылабы тууралуу китеп жазууда

БИШКЕК. Кыргызстандын жаңы бийлигине март ыңкылабы алдыга койгон милдеттерди аткарууга убакыт берүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров «Азаттык» менен улуттук телекомпаниясынын биргелешкен «Ыңгайсыз суроолор» теледолбоорунда берилген суроого жооп берип жатып билдирди. 24-декабрда Азимбек Бекназаров жетектеген «Кыргызстан» биримдигинин демилгеси менен өткөн 6-элдик курултай ыңкылаптын талаптарына азыркы бийликтин мамилеси элдик ыңкылаптын бир жылдыгында таразаланары белгиленген. Депутат Бекназаров ошондой эле «Аксы окуясы жана элдик революция» аттуу китеп жазып жаткандыгын, аны 24-мартка карата басып чыгаруу камын көрүп жаткандыгын билдирди.
XS
SM
MD
LG