Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Темир жолчулар нааразылык акциясына чыгышты


БИШКЕК. 18-январда Бишкек темир жол бекетинде 40 чукул темир жолчулар нааразылык акциясына чыгышты. Алар темир жол башкармалыгынын жетекчилигине Нариман Түлеевдин дайындалышына каршы экендиктерин билдиришүүдө. Бир катар темир жолчулар ачкачылык акциясын баштай турган болушту. Бул тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун мүчөсү Жанузак Абдирасулов “Азаттыкка” билдирди. Ал эми Темир жол башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Кайрат Биримкуловдун айтымында, темир жолчу жумушчуларынын профсоюз уюмунун төрагасы Эрнис Докенов жана 5-6 темир жолчу президенттин буйругуна каршы пикирин билдирип, нааразылык акцияларын уюштурушуна негиз жок. Нариман Түлеев мамлекет башчысынын дүйшөмбүдөгү буйругуна ылайык “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын жетекчилигине дайындалган.

XS
SM
MD
LG