Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Рысбек Акматбаевдин сотуна мурдагы министрдин орун басарлары келишти


БИШКЕК. Оор кылмыш жасаган деп шектелген кылмыштуу топтун башчысы саналган Рысбек Акматбаевге байланышкан сот эки күндүк тыныгуудан кийин 18-январда кайрадан улантылды. Бул күнү сотко күбө катары мурдагы ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун орун басарлары Кеңешбек Дүйшөбаев, Расулберди Раимбердиев, кылмыш иликтөө боюнча тергөө тобунун башчысы Жакыпов катышты. Рысбек Акматбаев баштаган тогуз айыпталуучу милиция кызматкерлери сабагандыгы тууралуу милиция жетекчилерине бир ооздон доомат коюшту. Күбөлөр болсо тергөөнүн жүрүшүндө жасалган кылмыштар аныкталгандыгын айтышты. Кызматтык кылмышты иликтөө башкармалыгынын башчысы кезинде атып өлтүрүлгөн Чыныбек Алиевдин агасы Аскер Алиев шектелип жаткандардын мойнуна күнөөнү коюуга сот, прокуратура алсыз болуп жатканын белгиледи. Рысбек Акматбаев баштаган топ 3 адамды өлтүрүп, бир адамдын өмүрүнө кол салды деген шек менен соттолууда.

XS
SM
MD
LG