Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

"Хьюман Райтс Уочт" жылдык отчетунда башка мамлекеттер менен бирге Кошмо Штаттарды да сынга алды


Уюмдун кечээ жарыяланган отчетунда белгиленгендей, маселен, террорчулукта шектелген адамдардын укугун бузуу АКШнын террорго каршы согушунун айныгыс бөлүгүнө айлангандай. "Хьюман Райтс Уочтун" аткаруучу директору Кеннет Рот мындай дейт:

-Кошмо штаттар террорчулукка каршы күрөшкө жамынып, адам укуктарын жээрүүдө. Бул атүгүл ошол террорчулукту жеңүү аракеттери үчүн да өтө зыяндуу. АКШ өз абройун жоготууда. Муну менен кыжырдануунун жаратып, террорчулука жаңы адамдардын тартылышын жеңилдетип жатат.

Ак үйдүн өкүлү Скотт МакКлеллан отчетто келтирген айыптоолорду четке какты. Анын айтымында, иликтөө фактыларга караганда, көбүрөөк саясий максатка негизделген. Отчетто ошондой эле Кытай, Орусия террорго каршы согушту саясий оппоненттерин басуу максатында пайдаланып жатканы үчүн сындалган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн "Хьюман Райтс Уочт" өзгөчө Өзбекстанды бөлүп көрсөтөт. Бул өлкөдө адам укуктары жаатындагы абалга "өтө оор" деген бар берилип, кырдаал былтыр майда Андижанда орун алган кандуу окуядан кийин курчуганы белгиленген. Ал эми Кыргызстан Өзбекстандын катуу кысымына карабай, Андижан окуясынан кийин ооп келген 440тай качкынды коргоп калуусу, өткөн жылдын кээ бир оң окуяларынын катарында алдыңкы планга чыгарылган.

XS
SM
MD
LG