Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

ЕВРОПАЛЫК ДЕПУТАТТАР ЕВРОБИРИМДИКТИ ОРУСИЯГА КОРКОК МАМИЛЕСИ ҮЧҮН СЫНГА АЛЫШТЫ


Кечээ Брюсселде, Европарламенттеги талкууларда Орусиядагы, өзгөчө Чеченстандагы адам укуктары маселеси көтөрүлүп, парламентарийлер Евробиримдиктин аткаруучу органы –Еврокомиссияны Орусияга карата өтө эле дипломатиялык ыкманы карманып жатканы үчүн катуу сынга алышты. Талкуунун жыйынтыгы катары бейшембиде добушка салынуучу резолюцияда евродепутаттар Евробиримдиктин Орусияда адам укуктарынынын бузулушуна карата мамилесин айыптачыдай. Бирок документ милдеттендирген күчкө ээ болбойт.

Европарламентте Орусия, анын ичинде Чеченстан боюнча талкуунун жүрүшүндө парламентарийлердин суроолоруна жооп берген расмий өкүлдөр Москва менен диалогду кармоо жөнүндөгү турумунан баш тартышпаганы менен алдыда демократия, адам укуктары маселесин чечкиндүү көтөрүүнү убада кылышты. Алардын айтымында, келерки айда ушундай мүмкүнчүлүк бар. Себеби мартта Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда адам укуктары жаатындагы консультациялардын кезектеги айлампасы өтөөрү белгиленген.

Евробиримдиктин депутаттар алдында чыгып сүйлөгөн тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро - Вальднер уюмдун Чеченстанда кылмыш жасагандарды жазалоо зарыл деген узактан берки талабын кайталады:

-Чеченстанда коопсуздук жагдайы жакшыргандай болгону менен жазаланбагандык маданияты сакталууда. Адамдар жоголгон жана кыйноого алынгандыгы тууралуу маалыматтар толугу менен иликтенип, кылмыш жасагандар, анын ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да жоопко тартылышы керек.

Евробиримдиктин комиссары кошумчалагандай, Чеченстанда өткөн жылкы парламенттик шайлоодо чет элдик байкоочулар жетишсиз болду. Уюм ал шайлоо стабилдүүлүк менен демократияны көздөй ташталган кадам болот деген үмүттө.

Ал эми британиялык социалист депутат Ричард Хоуитт талкуунун жүрүшүндө Орусиянын бейөкмөт уюмдардын ишин чектеген жаңы мыйзам жемишин бере баштаганын айтып чыкты:

-Кечээги кабарларга караганда, президент Владимир Путин бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөөнү караган мыйзамга кол койгон, Бул аралыкта Ингушетиянын Жогорку Соту Тынчтык жана жамааттык өнүгүү борбору деген британиялык кайрымдуулук уюмунун иштешине тыюу салды. Аталган уюм чеченстандык бир миңдей качкын балага гуманитардык жардам берип келген. Бул окуя ошол мыйзамдын күчүн көргөзүүдө.

Ингушетиянын соту, маалыматтарга караганда, дагы бир чет элдик бейөкмөт уюмдун – башкеңсеси АКШда жайгашкан Эл аралык медициналык корпустун республика аймагында иштешин токтотуу маселесин да кароодо. Орусиянын бейөкмөт уюмдар боюнча жаңы мыйзамы Түндүк Кавказда гуманитардык жардам көргөзгөн уюмдардын ишине таасир бериши мүмкүн экенин Европарламенттеги талкуда уюмдун тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро -Вальднер да белгиледи. Анын айтымында, мыйзам кандай аткарыларына кылдат байкоо салынмакчы. Ал эми Еврокомиссия өз тарабынан Түндүк Кавказдагы туруксуздуктун башкы себептеринин бири - калк арасындагы жумушсуздук экенин эске алуу менен социалдык долбоорлор үчүн 20 миллион евро ажыратууну пландаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG