Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

Калмурат Садиевдин коргоо министрлигине кызматка келишине нааразылык билдирди


ОШ. 19-январь күнү "Элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин төрагасы Мырзабек Акматов жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө Калмурат Садиевдин коргоо министрлигиндеги жетекчи кызматка орношушу боюнча кыжырдануусун билдирген маалымат таркатты."2002-жылы саясий укуктарын талап кылып чыккан Аксылыктардын жабырлануусуна, бей күнөө алты жигиттин атылышына себепкер жана 2005-жылы 20-марттын таңында Ош жана Жалалабат облустук мамлекеттик администрацияларынын имараттарында нааразылык акцияларына чыгып олтурган адамдарды мыкаачылык менен токмоктотуп алып чыгуунун башында турган адам Калмурат Садиев экенин бардыгы билет. Мындай адамдын коргоо министрлигине жетекчи кызматына коюлушу азыркы бийликке абийир алып келбейт” деп айтылат билдирүүндө.
"Элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин төрагасы Мырзабек Акматов Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков Калмурат Садиевди кызматка койгондугунун себептерин бир жуманын ичинде түшүндүрүп бербесе тиешелүү чараларды көрүүгө мажбур болобуз деген оюн билдирди.


Аба ырайы

БИШКЕК. 20-январда күндүз Кыргызстанда кар жаашы күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Талас, Чүй дубандарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -8...-13 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -7...-12 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -23...-28, күндүз -12...-17 градус.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -20...-22, күндүз -9...-11 градус болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Чолпон Орозобекова, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG