Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Чек ара көйгөйлөрү талкууланды


ЖАЛАЛАБАТ. Кочкората шаарында өткөн райондун укук коргоо, жергиликтүү жамаат жана бейөкмөт уюмдарынын кеңешмесинде айтылгандай кыргыз-өзбек чек ара айылдарында мал уурулук, чекарадан мыйзамсыз өтүү, тармактык кызматкерлердин одоно мамилеси өңдүү түйшүктөр арбын. “Кыргыз-өзбек чек ара жамааттарында тынчтыкты калыптандыруу” долбооорунун байкоосунда төрт жылда райондун Чек айлынан 45 жылкы, 120 үй жана 240 кой-эчки уурдалган. Декабрь айында Сакалды айыл өкмөтүндө мал уурулук 1,5 пайызга өскөн. 11-январда мал-кой уурдаган өзбекстандык жаранды жергиликтүү тургундар кармашкан. Чекара бекеттери элдин ишенимин актаган жок. Ички иштер уюмунун уурулукка каршы аракети натыйжасыз. Жыйында элдик көзөмөл топтору түзүлүп, тартип сакчылары менен бирге күзөт иштерин жүргүзүү иштери макулдашылды. Мындай маалымат 19-январда облустагы «Тынчтыкты сактоо» коомдук бирикмесинен алынды. Коомдук бирикме Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык агенттигинин колдоосунда өзбекстандык өнөктөштөрү менен кошмо долбоорлорду ишке ашырууда.

XS
SM
MD
LG