Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Улуттук жазуучулар союзуна жаңы төрага шайланды


БИШКЕК. 19-январда Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун пленуму өтүп, аталган союздун төрагасы, кыргыз эл акыны Жалил Садыков ден соолугуна байланыштуу өз арызынын негизинде бул кызматтан бошотулду. Жыйында союзга жаңы төрага шайлоо маселеси каралып, бул орунга төрт талапкер көрсөтүлдү. Талакерлердин экөөсү, акындар Токтосун Самудинов менен Кожогелди Култегин өз талапкерликтерин алып салышкан соң, Анатай Өмүрканов менен Абдрахман Алымбаевдин талапкерлиги добушка коюлду. Натыйжада кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов аталган союздун башкармалыгынын мүчөлөрүнүн 30 добушу менен төрагалыкка шайланды. Ал эми акын Абдрахман Алымбаев 21 добуш алды.

XS
SM
MD
LG