Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

“Human Rights Watch” уюму Кыргызстандын качкындарга кылган мамилесин оң баалады


БИШКЕК. “Хьюман Райтс Уочт” эл аралык уюму 18- январда жарыялаган отчетунда 2005-жылдагы оң окуялардын катарына Өзбекстандын катуу кысымына карабай, Кыргызстан Анжиян окуясынан кийин ооп келген 440тай качкынды коргоп калуусун алдыңкы планга чыгарды. Аталган уюм бул отчетто АКШ бийлигин сынга алып, террорго каршы согуш убагында адам укугун тепселеген учурлар байкалганын жазып чыкты. Отчетто ошондой эле Кытай, Орусия террорго каршы согушту саясий оппоненттерин басуу максатында пайдаланып жатканы үчүн сындалган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн "Хьюман Райтс Уочт" өзгөчө Өзбекстанды бөлүп көрсөтөт. Бул өлкөдө адам укуктары жаатындагы абалга "өтө оор" деген баа берилип, кырдаал былтыр майда Анжиянда орун алган кандуу окуядан кийин курчуганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG