БИШКЕК. Жогорку Кеңештин 19-январындагы отурумунда депутат Мурат Жураев Лейлек районунда Кыргызстанга тиешелүү айрым ишканалардын базалары Тажикстанга өтүп кеткенин билдирди. Депутаттын айтымында Лейлектеги айыл чарбахимия ишканасынын Тажикстандагы базалары менчиктештирүү учурунда аталган өлкөгө өтүп кеткен. Мындан сырткары Кыргызстандын аймагындагы темир жолго да учурда тажик тарап ээлик кылат. Депутаттын айтымында, бул нерселерди эми кайра Кыргызстанга кайтаруу кыйынга турат. Мурат Жураев «Азаттыкка» берген маегинде аталган аймакта мындай фактылар көп экенин, ал объектилер кимге сатылганы, ага ким күнөөлүү экени аныкталаарын билдирди.