Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Темир жолчулар нааразылык акциясын улантышууда


БИШКЕК. 15 чакты темир жолчулар Бишкек темир жол бекетиндеги нааразылык чарасын 19-январда да улантышты. Нааразылык чара 18-январда башталган. Алар боз үй тигип, ушул жерде түнөшүүдө. Нааразылык чарага чыккандар темир жол башкармалыгынын жетекчилигине Нариман Түлеевдин дайындалышына каршы экендиктерин билдиришип, жетекчиликке бул тармак боюнча адис адамдын дайындалышын талап кылууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» ушул эле күнү темир жолчулардын профсоюз уюмунун төрагасы Эрнис Докенов билдирди. Ал ошондой эле эгер талаптары 25-январга чейин аткарылбаса нааразылык чаранын катышуучулары өзүн-өзү өрттөө чарасына барышаарын кошумчалады. Ал эми Темир жол башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Кайрат Биримкулов Эрнис Докенов жана 5-6 темир жолчунун нааразылык акциясын уюштурушуна негиз жоктугун ушул эле күнү «Азаттыкка» билдирди. Нариман Түлеев президенттин дүйшөмбүдөгү буйругуна ылайык “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын жетекчилигине дайындалган. Ал буга чейин да аталган тармакты жетектеп, өткөн жылы ушундай эле нааразылык чараларынан улам кызматынан алынган эле.

XS
SM
MD
LG