Ирактын юстиция министрлиги бүгүн АКШ аскерлери абактагы алты ирактык аялды бошотоорун маалымдады. Маалыматта бирок алар америкалык журналистти уурдап кеткен барымтачылардын талабына жараша эркиндикке чыгаары айтылбайт. Араптардын “Ал-Жазира” телеканалы кабарчы айым Жилл Кэрроллду барымтага алгандар бардык ирактык аялдар түрмөдөн бошотулбаса журналистти өлтүрөбүз деп коркутууда деп кабарлаган. Пентагон азырынча абактагы алты аял азаттык алат деген маалыматты тастыктай элек.