АКШнын Борбордук чалгын кызматы кечээ "ал- Жазира" телеканалы уктурган аудиотасмадагы үн "ал-Каиданын " лидери Усама бин –Ладендики экенин билдирди. Анда "ал- Каиданын" анабашы АКШга каршы жаңы чабуулдарды убада кылып, бирок Вашингтон эгер ал Ирак менен Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткен шартта элдешүүнү да сунуш кылды. Буга байланыштуу Ак үйдүн өкүлү Скот МакКлеллан буларды айтты:
-Биз алар Жакынкы Чыгыштан бизди чыгарууну кааларын билебиз. Себеби демократия жана тынчтык алардын өзүнүн өмүрү сүрүшү үчүн опурталдуу. Андыктан террорчулар АКШ күчтөрүнүн Жакынкы Чыгышта турушу алардын болгон мүдөөсүнө коркунуч туудурарын жакшы билишет. Террорчулар жаңы кол салууларды даярдоо үчүн коопсуз жайды каалар эле. Бирок аларга такай качып жүрүүгө туура келүүдө. Биз аларга тынымсыз кысым көргөзүп жатабыз.
Скот МакКлелан ошондой эле АКШ террочулар менен сүйлөшпөй турганын белгиледи. Катарда жайгашкан телеканалдан уктурулган акыркы аудиотасма дайын – дареги беймаалым бин -Ладендин бир жылдан ашуун убакыттан берки алгачкы кайрылуусу болду.