Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:38

Россия Кыргызстанга куш тумосуна каршы күрөшүүдө жардам берет


БИШКЕК. Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча Федералдык кызматы тарабынан Кыргызстанга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу аталган кызматтан Кыргызстандын республикалык ветеринардык департаментине билдиришти. Департаменттин башкы директорунун орун басары Эсенбай Сейитовдун маалыматы боюнча Россияда ушул жылдын март айына чейин 100 млн доза куш тумоосуна каршы вакцина чыгарылат. Анын ичинен Кыргызстанга да керектүү көлөмдө берилет. Кыргызстанда жалпысынан 4 млнго жакын тоок бар. Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча Федералдык кызматы Кыргызстанга ошондой эле куш тумоосун аныктоочу диагностикалык жабдуулар менен, адистерди даярдоо боюнча жардамдарды көрсөтмөкчү. БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан өлкөдө куш тумоосунун жайылышын алдын алууга 45 млн доллар бөлүндү. Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстанга куш тумоосуна каршы күрөшүүгө 4 млн АКШ доллары бөлүнүшү каралган.

XS
SM
MD
LG