Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Кеминдик шайлоочулар Айдар Акаевди депутаттык мандаттан ажыратууну өтүнүштү


БИШКЕК. Чүй облусундагы Кемин округунун шайлоочулары бул округдан парламентке шайланган Айдар Акаевди депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратууну өтүнүп өлкө парламентине кайрылышты. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин маалыматы боюнча эми шайлоочулардын бул кайрылуусу парламентте январь айынын аягына чейин каралат. Депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси Борбордук шайлоо комиссиясынын катышуусунда чечилет. Эгерде Кемин округунун шайлоочуларын депутаттар колдошсо, БШК Айдар Акаевди депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратуу үчүн добуш берүүнү өткөрүшү керек. Добуш берүүгө шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү катыша турган болсо депутат өзүнүн ыйгарым укуктарынан ажыратылат.
Айдар Акаев 24-марттагы ыңкылаптан кийин Кыргызстанга келе элек. Ал эми өлкөнүн башкы прокуратурасы тарабынан анын үстүнөн кылмыш иш ачылып, издөө жарыяланган. Айрым маалыматтар боюнча Айдар Акаев учурда Москвада.

XS
SM
MD
LG