Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Аксыда нааразылык жыйындар өттү


БИШКЕК. 20-январда райондун бир нече айыл-өкмөттөрүндө дубандын мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Жусупжан Жээнбековдун кызматынан бошотулушуна карата нааразылык акциялары өттү. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрага орун басары Кубанычбек Маматкеримовдун маалыматы боюнча аларга жалпысынан 3 миңге жакын адам катышты. Каражыгач айылында өткөн нааразылык акциясына 350 адам катышканын анын катышуучусу Орозбек Балтабаев «Азаттыкка» телефон аркылуу билдирди:
-Каражыгач айылында нааразылык акция өттү. Анын катышуучулары Жусупжан Жээнбековдун кызматынан бошотулушуна нааразылыгын билдирип, эгерде президент бошотуу тууралуу жардыгын кайтарып албаса, нааразылык акция улантыла берет деген кайрылуу жөнөтүштү, - деди Аксыдан Орозбек Балтабаев. Башка айыл өкмөттөрүндө өткөн наарзылык акциядардын катышуучулары да президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоп, Жусупжан Жээнбековду кызмат ордунда калтырууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG