Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

ОРУСИЯДАГЫ СУУК АБА-ЫРАЙЫ ДАГЫ БИР АПТА СОЗУЛУШУ МҮМКҮН


Төрөкул Дооров, Москва. Орусияда ушул тапта өзгөчө суук аба-ырайы жергиликтүү бийликтерге да, жашоочуларга да түйшүктү күчөттү. Өлкөнүн бир катар региондорунда электр энергиясын колдонуу күчөгөндүктөн, станцияларында кырсыктар болуп, адамдар жарыксыз, суукта калып жатышат. Ызгаардуу аба-ырайы жакынкы күндөрдө Борбор Азияга жылышы мүмкүн дешет синоптиктер.

Москва азыркыдай ызгаарды тээ 1940-жылдан бери көрө элек болчу. Болгондо да, ал убакта 42 градустук рекорд коюлган. Азырынча Москвадагы температура ага жете элек.

Ушул апта ичи Орусиянын баардык аймактарында жана жакынкы өлкөлөрдө суук аба ырайы туруктуу сакталып турду. Жума күнү Москвада абанын температурасы минус 30 градустун айланасында болду.

Суук келтирген башкы коркунуч – электр станцияларындагы авария менен жылыткыч системасынын иштен чыгышы. Волгоград облусунун Фролово шаарында катуу шамалдан улам электр линиялары үзүлүп, 42 миңдей тургун азыр суусуз калды. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлүнүн айтымында, жакынкы сааттарда суу кайра берилбесе жылыткыч системасына суу жетпей, элдер суукта калышы мүмкүн.

Ал эми Челябинскиде трансформатор иштен чыгып, жети миңдей адам жарыксыз калган.

Андан сырткары, Коми республикасынын Елецкий кыштагында, Читада жана Петербургда да абал оор.

Москваданын райондорунун бириндеги Томилино кыштагында шаршемби күнү үйлөргө жылуулук берүү системасында бир катар кырсыктар болуп, ушу тапта көп кабаттуу 43 үйгө жылуулук берилбей турат.

Жума күнү Орусияда электр энергия жаатындагы негизги мамлекеттик ишкана РАО ЕЭСтин башчысы Анатолий Чубайс «бейшембиде кечки саат алтыда Москва боюнча электр энергиясын сарптоо буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку көрсөткүчкө чыкканын, ал убакта 16 миң мегаватт энергия колдонулганын» кабарлады. Бирок, Чубайс «бул рекод акыркысы эмес ко деп кооптонуп жатканын» да жашырган жок:

- Бизди өкүндүргөнү ишемби-жекшемби күндөрү аба-ырайы кичине жылый түшкөнү менен келерки жумадан тарта кайра суук күчөйт деген синоптиктердин божомолу бар. Бул бизди, албетте, кубандырган жок. Ал ызгаардын «экинчи толкуну» келерки дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин созула тургандай болуп турат.

Чубайс, мындан сырткары, азыртадан баштап Москвада электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу режими ишке кирээрин билдирди. Айрым ишканалар жумушту өздөрү эле токтотуп жатышат. Көчөлөрдө жарык берүү да кыскартылган режимде иштейт. Ушу тапта Москванын борбордук көчөлөрүндө да жөө жүргөн адамдарды сейрек кездештирүүгө болот.

Көпчүлүк үшүктөн коркуп, сыртка чыкпай жатат, чыккандардын арасында үшүккө алдырып, ооруканага баргандардын да саны өсүүдө.

Петербургда бир күндүн ичинде 74 адам ооруканага көрүнгөн болсо, Москвада суук өткөрүп алгандардын саны соңку 24 сааттын ичинде эле 22 адамга жетти. Дагы 7 адам сууктан тоңуп өлгөнү кабарланды. Ушу тапта үйсүз көчөдө калган адамдарга жардам иретинде атайын автобустар иштеп жатат. Аларга «бомждар» олтуруп, жылынып, тамактанып алганга укугу бар экен.

- Азыр күн суукта кичине болсо да жылыныш үчүн ушул жерден Кремлге чейин, анан «Кызыл майданды» аралай жөө басып жатам, - дейт үйсүз калган бул киши.

Орусияда ушу күндөрү эң суук аба-ырайы Эвенкияда сакталып жатат. Ал жерде абанын температурасы 57-58 градус суук.

«Москвада болсо ушул дем алыш күндөрү күн кичине жылый түшөт, бирок катуу шамал болот, ошондуктан шаардыктар жылууну да сезишпейт» дешет синоптиктер.

XS
SM
MD
LG