Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Ж.Жээнбеков: Саясий туруктуулукту сактоого аракет кылам


БИШКЕК. 19-январда Жалалабад облусунун коллегиясы болоорго эки саатка чукул убакыт калганда айтылган президенттин кызматтан алуу боюнча жарлыгы моралдык оор сокку болгонун "Азаттыкка" Жалалабаддын экс-губернатору Жусупжан Жээнбеков “билдирди:

- Мен үчүн моралдык сокку болду. Эч нерсе деп айтпастан, унчукпастан эле саат 12.30 мен үчүн жаңылык кылганы жүрөгүмө катуу тийди. Бирок мен Кыргызстандын келечеги үчүн, өлкөнүн тынччылыгы үчүн өзмдү токтоо кармаганга аракет кылам. Бул жерден эч кандай саясий оюнду чыгарбоого аракет кылам.

Жусупжан Жээнбеков президент Курманбек Бакиевдин кадр саясатында катачалыктар кетип жатканын белгиледи. Анын пикиринче мамлекет башчынын тегерегине мурдакы бийликте иштегендердин келиши элдин нааразылыгын туудуруп, ишенимден кетирүүдө.

Ал эми ишембиде Президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков өлкө калкын аймактарга бөлбөө максатында губернаторлорду орун алмаштыруу болоорун, ошол себептен Жусупжан Жээнбеков Талас облусуна губернаторлук кызматка которула тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG