Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

НИЯЗОВ ТҮРКМӨН ГАЗЫНЫН БААСЫН КЫМБАТТАТУУНУ КӨЗДӨӨДӨ


22-январда Түркмөн президенти Сапармурат Ниязов Москвадагы визитин баштоодо. Орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдө газ маселеси башкы орунду ээлемекчи. Түркмөн газынын басымдуу бөлүгү Россиянын аймагынан өтчү куурлар аркылуу экспорттолот. Ниязов Газпром түркмөн газы үчүн көбүрөөк төлөсүн деген маселени козгошу ыктымал дешет байкоочулар.

Коопсуздук маселелери боюнча аналитик Павел Фелгенгауэр Ашгабад менен Москва ортосундагы газ проблемасынын себептерин мындайча түшүндүрөт:

Түркмөн газы Украинага Россия аркылуу сатылат. Анын бөлүгү андан ары Украинадан Батышка экспорттолот. Ниязов, Түркмөнстанга Россия менен Украинанын ишкерлери жана расмий ишканалары Европадан алган каражаттын кымындай гана бөлүгү тийет.

Россиянын мамлекеттик Газпром ишканасы табигый газдын 1 миң куб метри үчүн Түркмөнстанга 60 доллар төлөйт. Украинадан болсо Россия 1 миң куб метр үчүн 230 доллар талап кылууда. Эми кээ бир маалыматтарга ылайык, Ниязов газдын баасын 80-85 долларга көбөйтүүнү көздөп жатат.

Жакында Москва менен Киев ортосунда газ кризис тутанып, Украина газдын бир бөлүгүн Борбор Азиядан, атап айтканда Түркмөнстандан алып турат деген келишимге жетишилди.

Аналитик Феленгауэрдин пикиринде, Газпром Украинага берилген газдын көлөмүн азайтып, Ниязовко кошумча көзүр берди:

Январда Россия Европага берилчү газдын көлөмүн эки жолу төмөндөтүп жибергенден кийин Евробиримдик түркмөн газын ташуу үчүн куур куруу долбоорун каржылоону караштыра баштады. Аталган куур Азербайжан, Грузия жана Түркияны кесип өтмөкчү. Бул Ниязовко артыкчылык берүүдө.

Дагы бир саясий изилдөөчү Алекс Ватанканын айтымында болсо Түркмөнбашы жакында Бээжинге сапар менен баруу ниетин билдирди. Буга байланыштуу Кытай түркмөн газын керектөөчү ири кардар болуп калышы ажеп эмес деп болжолдойт Ватанка.

Путин менен Ниязовдун жолугушуусунда ошондой эле Түркмөнстандагы орус тилдүү калк жана Россияда баш калкалап жүргөн түркмөн оппозициясынын маселеси да козголушу ыктымал.

Лидерлер Ирандын өзөктүк программасын да сөз кылышмакчы.
Ниязов бул жолу экономикалык гана маселелерди гана талкуулаганы жатканы менен, байкоочулар Түркмөнбашынын чет өлкөдөгү соңку эки визити Москвага болгонун баса белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG