Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Пакистан бийлиги Дамадолла айылында ал-Каэданын изи табылбаганын билдирди

Пакистандын тергөөчүлөрү өлкөнүн Дамадолла айылына ракеталык чабуулда “Ал-Каэданын” мүчөлөрү каза болгонун далилдеген фактыларды тапкан эмес. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Шаукат Азиз Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан менен жолугушууда билдирди. 13-январдагы ракеталык чабуулда Дамадолла айылынын 18 тургуну каза болгон эле. Вашингтон аткылоону расмий түрдө мойнуна албаган менен маалымат каражаттары аны АКШ жасаганын кабарлап чыккан.
XS
SM
MD
LG