Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

ДКБга дагы үч кыймыл кошулду


БИШКЕК. Демократиялык күчтөрдүн коалициясына 21- январда Эркин Бөлөкбаев жетектеген жашылдар партиясы, Бегиш Ааматов жетектеген коомдук уюм жана журналисттердин кесиптик кошууну кошулду. Бул тууралуу аталган коалициянын координатору Кубатбек Байболов билдирди. Ошондой эле аталган коалицияда башкаруунун формалары боюнча семинар өтүп, региондордо түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даярдыктар талкууланды. Буга чейин демократиялык күчтөр биримдигине ондон ашык саясий партия жана бейөкмөт уюмдар кошулган. Бул коалиция алдыдагы референдумда парламенттик башкаруу системасын колдойт.

XS
SM
MD
LG