Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Ж. Жээнбеков менен президент К. Бакиев жолугушат


БИШКЕК. Жалалабаттын губернатору кызматынан алынган Жусупжан Жээнбеков 23-январда президент Курманбек Бакиев менен жолугушат. Бул тууралуу Жээнбеков мырза Азаттыкка телефон аркылуу кабарлады. Анын айтымында, ал бийлик менен эч кандай соодалашууга барбайт:
-Мен өмүрү бийлик менен соодалашып көргөн эмесмин, соодалашпайм дагы. Мен бийликтен коркпойм, кудайдан жана элдин назарынан корком. Кандай болгон күндө да эл менен калам,- деди Жусупжан Жээнбеков. Жалалабаттагы кабарчыбыз Рысбай Абдыраимов билдиргенге караганда, 23- январь күнү Жалалбатта кырдаал тынч болду. Ал эми 23-январда Жалалабат облустук акимчиликтин алдында митинг өтөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG