Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хамид Реза Азефи Израилдин сес көрсөтүүсүн балалык деп атап, Иранга каршы аскерий иш чаралар олуттуу натыйжаларга алып келет деп эскертти.
Кечээ Израилдин коргоо министри Шауль Мофаз анын өлкөсү Ирандын өзөктүк программасын токтотуу үчүн аскерий иш чараларга даяр деп билдирген.
-Тегеран анын иши Коопсуздук кеңешине берилет деп коркпойт, - деди Азефи.
Британия, Франция жана Германия 2-февралда МАГАТЭнин Иран боюнча жыйынын өткөрүүнү сунуш этишкен.
Азефи ошондой эле Иран чет өлкөдөгү эсептеринен акча которгон деген кабарларды четке какты. Буга чейин Борбордук банктын төрагасы Иран европалык банктардагы резервтерин алып чыга баштаса жакшы болоор эле деп билдирген.