Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Батыш гезиттеринен баяндама:“КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЫҢКЫЛАПКА БАА БЕРҮҮ ЭРТЕЛИК КЫЛАТ”. ПАПАНЫН ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛГАН МЕХМЕТ АЛИ АГЖАН ОКУЯСЫ.


Аким Өзгөн, Стамбул Өткөн аптада Батыштык басылмаларда негизги талкуу Түркияда катталган куш тумоо жана 81- жылы Папа Йохан Павелди атып жарадар кылган Мехмет Али Агжанын окуясы жөнүндө болду.

Куш тумоосунун вирусу катталгандан бери Түркиянын чет элдерге канаттуулардын продуктуларын экспорттоосу токтоп, өлкөнүн негизги киреше булактарынын бири болуп эсептелген туризм дагы тобокел астында турат. Лондондо чыгуучу Times гезитинин ишембидеги санында жазылганга караганда куш тумоосу башталгандан бери Стамбул шаарында канаттуулар продуктулары бир чоң дүкөндө гана сатылууда. Сатылбай калган жумурткалардын саны
100 миллионго барып жеткен.
Түркиянын айыл чарба министри Мехди Екер куш тумоосу вирусу Түркия менен чегаралаш өлкөлөрдө деле катталган менен ал өлкөлөр илдетти жаап жашырып келе жатышканын доо кылган. Екер мырзанын айтымында кошуна Армения, Иран, Ирак, Сирия жана Грузияда дагы куш тумоосу вирусу жайылган болушу ыктымал.

Financial Times, өзүнүн өткөн жумадагы сандарынын биринде Түркия менен Кыргызстан куш тумоосу менен күрөшүүгө жакын арада эл аралык булактардан каржылык жардам ала турганын жазып чыкты. Гезитте жазылганга ылайык Дүйнөлүк банк куш тумоосуна каршы Индонезия, Ветнам, Армения жана Грузия ошондой эле башка өлкөлөргө нөл процент менен узак мөөнөткө карыз жана белек катары 1,2 миллиард доллар берүүнү пландоодо. Дүйнөлүк банк жана Япония бере турган жардамдардын эсебинен Кыргызстандын энчисине 6 миллион доллар тиймекчи.

EurasiaNet деп аталган Интернет баракчасында «Кыргызстандагы ыңкылапка баа берүүгө али эртелик кылат» деген көлөмдүү макала жарыяланды. «Кыргызстандагы жоогазын ыңкылабынын жетишкендиктерин танмай кийинки учурда модага айлана баштады. Айтылып жаткан дооматтардын көпчүлүгү 2005-жылдын мартында ишке ашкан элдик козголоңго каратылган менен ал дооматтар же орундуу эмес же абдан аша чапкан мүнөздө»,- деп жазат комментатор Том Вуд.
«Өзүнүн кийинки тарыхы жана саясий маданияты боюнча Кыргызстан Орто Азиядагы теңдеши жок өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Кыргызстанда өткөн жылы ишке ашкан ыңкылап, Швейцария үлгүсүндөгү бир демократияны калыптандыра албаса дагы алгачкы жолу карапайым кыргыздардын саясатка кийлигишүүгө жөндөмү даңазаланып кабыл алынды. Бул постсоветтик Борбор Азиядагы жаңылык көрүнүш".

1981-жылда ошо кездеги Ватикандын папасы Павел экинчинин өмүрүнө кастык кылып 19 жыл түрмөдө отуруп, андан кийин Түркияга өткөрүлүп, башка бир кылмыштын жазасын өтөп жаткан кезде 12-январда бошотулуп жиберилген Мехмет Али Агжан окуясы Түркияда чуулгандуу окуяга айланды.
Сексенинчи жылдардын башында Түркияда гезиттин башкы редакторун атып өлтүргөн үчүн кесилген Агжан камакта бир жыл отурбай эле качып кеткен болчу. Анын Түркиядагы кылмышынын мөөнөтүн Италияда камакта жаткан жылдарына чегерип каталык менен бошотулуп жиберилишинин артынан бүт медианын төбө чачы тик туруп, юстиция министрлигин сынга алган макалаларды жарыялашты.
Батыштык гезиттер да бул окуяга орчундуу көңүл бурду. Юстиция министринин буйругу менен Мехмет Али аттуу кылмышкердин кайрадан түрмөгө салынышы, Батыштын ири гезиттеринде биринчи беттеги кабар катары берилди.

NYT гезити ишембидеги санында «Папаны аткан адам кайра камакта» деген макала жарыялап, Агжанын Папаны атып жарадар кылган 1981-жылдан берки камактагы турмушуна, анын карама каршылыктуу жоруктарына сереп салган. Waþington Post бул кабарды кыйгап өтпөй «Италияда кармалгандан кийин мен машайакмын» деп жар салган Агжан кайра камакка кабылды. Ал Италияда жана Түркияда жалпысынан 25 жыл камакта отурду» деп жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG