Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Жалалабадда Ж.Жээнбековду колдогон митинг болуп өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Нааразылык акциясы өткөн администрациянын жыйын залына митингчилер экс-губернатор Жусупжан Жээнбековдун кайра өз кызматына бекитилишин талап кылган тасмалар илинген. Маалымат каражаттарын калыс болууга чакырган плакаттар да болду. Жээнбековдун башка кызматка которулушун же губернатордун милдетин убактылуу аткаруучу болуусун митингчилер каалабайт. Анын иштен бошогонуна нааразы иретинде аким жана айыл өкмөт кызматтарынан баш тартып, күбөлүктөрүн тапшырган адамдар куугунтукка алынбоосу, элдин үнүн укпаган жетекчилер кызматтан кетүүсү керек. Облус башчыларын орун алмаштырууну жактаган адамдардын башка бир бөлүгү президенттин жарлыгынын күчүндө калуусун талап кылышты. Жээнбеков менен аны бошоткон жарлыкты кубаттагандар өз ара кайым айтышкандыктан митинг чечим кабыл алган жок. Ага 300дөн ашык адам катышты.

XS
SM
MD
LG