Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Темир жолчулар нааразылык акциясын эски аянтта улантышты


БИШКЕК. 23-январда Пишпек темир жол бекетинде нааразылык акциясына чыгышкан темир жолчулардын жарымы, тактап айтканда 15 адам Жогорку Кеңештин алдына боз үй тигишип, нааразылык акцияларын улантууда. Алар милиция кызматкерлери күч колдонсо өздөрүн өрттөйбүз дешип, кийимдерине бензинден куюп алышты. Бул тууралуу темир жол жумушчулар профсоюзунун төрагасы Эрнис Докенов “Азаттыкка” билдирди. Алар темир жол башкармалыгына Нариман Түлеевдин жаңы жетекчиси болуп дайындалганына нааразылык билдиришүүдө. Ал эми темир жол башкармалыгынын жетекчилиги алардын талаптары негизсиз деген пикирде.

XS
SM
MD
LG