Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Карасууда Оштун мурдагы губернатору Анвар Артыковду кайра ордуна коюу талап кылынды


ОШ. 24-январь күнү Карасуу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн беш жүздөн ашуун тургундары катышкан элдик жыйын мамлекет башчысы Курманбек Бакиевден облустун мурдагы жетекчиси Анвар Артыковду кайрадан кызматына калыбына келтирүүнү талап кылды. Шарк айыл өкмөтүнүн жыйындар залында болуп өткөн чогулушта Жалалабат облусунун губеранторунун милдетин аткаруучу Жусупбек Жээнбековдун кайрадан кызматына калыбына келтирилиши боюнча маалымат угулуп, жыйынды уюштуруучу демилгелүү топтун өкүлдөрү мына ушундай эле тагдырды баштан кечирген Ош облусунун мурдагы жетекчиси Анвар Артыковду коргоп кала алган жокпуз деген билдирүү таркатышты. Жыйында жарыш сөзгө чыгышкан Анвар Артыковду жактоочулардын көпчүлүгү мамлекет башчысы Курманбек Бакиев Артыковду кызматтан алгандыгынын себептерин 3 күндүн ичинде элге түшүндүрүп берсин деген талаптарды коюшту. Жыйынга келип катышкан президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун мырза да облус жетекчилеринин алмаштырууга байланышкан маселеде саясий катачылык кетип калды деген пикирин билдирди. Жыйындын аягында мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге кайрылуу кабыл алынып, анда Анвар Артыковду мурдагы кызматына кайра калыбына келтирүү маселеси көтөрүлдү. Кайрылууга жалпысынан 523 адам кол койгон.

25-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 25-январда Ысыккөл, Нарын облустарында кардын жаашы күтүлбөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Талас, Чүй облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...+5 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5 градус болот.
Нарында түнкүсүн -15...-20, күндүз -8...-13 градус.
Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6, күндүз +2...+4 градус болот.


Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG