Оооган жетекчилигинин айтымында, өлкөнүн Пули-Чархи деген негизги абагынан жекшемби күнү жети туткун качып чыкты, алар Талибан кыймылынын мүчөлөрү болчу. Түрмө башчысы Абдул Салам Бахшинин айтымында, азыр 10 кайтаруучу суракка алынууда. Качкандардын ысымдары жашыруун кармалууда. Былтыр июлда дагы Ооганстандагы абактан төрт туткун качып кеткен. Бүгүн болсо өлкөнүн Герат шаарында миңдеген адам чогулуп, террорчулукка каршы митинг өткөрдү.
* * *
Нарын АЙЫП, Прага
* * *
Нарын АЙЫП, Прага