Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин соту тыныгуудан кийин бүгүн башталмак, бирок айрым күбөлөр чет өлкөлөрдөн Иракка келе албай калгандыктан, жекшембиге калтырылды. Соттук жюрини жетектөөгө болсо жаңы адам дайындалды, анткени мурдагы сот сынга алынгандыктан, январдын башында төрагалык кызматтан чегинген.