Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Темир жолчулардын нааразылыгы уланууда


БИШКЕК. 20дан ашуун темир жолчулар Жогорку Кенештин алдындагы нааразылык акциясын 24-январда да улантышты. Алар кыргыз темир жолу улуттук компаниясынын жетекчиси Нариман Тулеевдин кызматтан кетишин талап кылышып, 25-январга дейре талаптары аткарылбаса өздөрүн өрттөөгө барышаарын айтышууда. Бейшембиде нааразы тарап менен Нариман Түлеев жолугушуп, иш жагдай боюнча алардын суроо-талаптарын аткарууга даяр экенин билдирди. Буга ылайык, нааразы тарап өз өкүлүн сүйлөшүүгө жиберүүгө макул болду. Кыргыз темир жолу улуттук компаниясынын жетекчилигине кайрадан Нариман Тулеевдин дайындалышына нааразы болгон темир жолчулар Пишпек бекетинен эски аянтка 23-январда көчүп келишип, боз үй тигишкен.

XS
SM
MD
LG